28 апрель 2025
Кароолор: (68)
Жалал-Абад шаарында бильярддын “Айкалышкан пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионаты бүгүн, 26-апрелде жыйынтыкталды

Жалал-Абад шаарында бильярддын “Айкалышкан пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионаты бүгүн, 26-апрелде жыйынтыкталды.
Алгач, аялдар арасында финалга чыккан Орусиялык Диана Миронова менен Екатерине Брытченко таймашты. Оюн кызуу жүрүп акыркы мүнөттөрдө Диана Миронова жеңишке жетти.
Эркектер арасында финалда Кыргызстандык кий чебери Дастан Лепшаков менен Орусиялык Никита Володин күч сынашты. Эки спортчу тең дүйнө чемпионатына жогорку деңгелде даярдангандыгы көрүнүп турду. Оюндун жыйынтыгында жеңиш Орусиялык Никита Володинге буюрду.
Финалдык беттештерге ЖК депутаты Шаирбек Ташиев да катышып, жеңишке жеткен спортчуларды куттуктады.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз