12 апрель 2024
Кароолор: (77)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА БАЛДАР ОЙНООЧУ АЯНТЧА АЧЫЛДЫ

Жалал-Абад шаарындагы Түмөнбай Байзаков проспектисинде жайгашкан «Азия» маркетинин 2-кабатында жеке ишкер Нодиржон Рустамжанов тарабынан балдар ойноочу аянтча ачылды.
Аянтчанын ачылуу аземине Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, эл өкүлү Нуртилек Болотов катышты.
Иш-чаранын алкагында эл өкүлү Нуртилек Болотов кайрымдуулук иш- чарасын уюштуруп, анда шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын каттоосунда турган 6 жаштан 12 жашка чейинки аз камсыз болгон, майыптуулугу бар, турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн 100 гө жакын балдары акысыз ойнотулуп, тамак-аш жана белектер берилди.
Белгилей кетсек, мындай кайрымдуулук иш-чаралары шаардык кеңештин депутаттары тарабынан үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз