26 декабрь 2024
Кароолор: (98)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “БАЛА ПАРК” ОЮН-ЗООК БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
Жалал-Абад шаарынын М.Конгантиев атындагы аймактык башкармалыгында жаш балдарга арналган “Бала парк” жеке менчик оюн-зоок борбору ачылып, пайдаланууга берилди.
Оюн-зоок борбордун ачылуу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков жана шаар тургундары катышты.
Эрнисбек Ормоков шаарга инвестиция салган ишкерлерди ар дайым колдой турганын белгилеп, аталган борбордун ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, аталган оюн-зоок борбору жеке ишкер Абдуллах Саидахбаров тарабынан ачылды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз