14 июнь 2023

Кароолор: (57)

Жалал-Абад шаарында бак-дарактарды суугаруу үчүн 3 скважина пайдаланууга берилди

 Жалал-Абад шаарындагы Токтогул, Жеңиш эс алуу паркына жана Балтагулов көчөсүнө техникалык суу чыгаруучу скважина курулуп, пайдаланууга берилди. Алар аркылуу Токтогул, Жеңиш паркындагы, Токтогул аллеясындагы, Ленин, Кыргыз Республикасы, Шопоков , Б.Осмонов көчөлөрүндөгү бак-дарактар, гүлдөр техникалык суу менен камсыз болуп, арыктар аркылуу сугарыла баштады.

 Жогорудагы үч скважина Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ишке киргизилди. Алдыда республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен дагы 5 скважина курулмакчы.

 Белгилей кетсек, ушул мезгилге чейин шаардагы дээрлик бардык бак-дарактар жана гүлдөр ичүүчү суу менен атайын унаалардын жана суу түтүктөрдүн жардамында сугарылып келген.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз