13 май 2023

Кароолор: (55)

Жалал-Абад шаарында бак-дарактарды дарылоо иши жүрүп жатат

 Жалал-Абад шаардык мэриясынын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы тарабынан 10-майдан тартып, Токтогул, Жеңиш, Т.Байзаков атындагы эс алуу парктарында, Манас проспектиси, Тарсус, Манас, Б.Осмонов С.Ибраимов, Пушкин, Ленин, Токтогул, Барпы-Сейил, Т.Байзаков, Курманбек, Абдрахманов көчөлөрүндө бак-дарактарды зыянкечтерден коргооо максатында дарылоо иши жүргүзүлүүдө.

Дарылоо үч этап менен жүргүзүлөт. Жалпысынан шаарда 18,6 га бак-дарактар дарыланат.

 Белгилей кетсек, мындай дарылоо Жалал-Абад облустук “Токойлорду коргоо жана сактоо станциясы” менен эки тараптуу түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашууда.

 Адистер белгилегендей, бул дырылоо айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден-соолугуна зыянын тийгизбейт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз