15 апрель 2023

Кароолор: (49)

Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди


Бүгүн, 14-апрель күнү "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында шаардагы аз камсыз болгон 75  үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Сертификаттарды тапшыруу аземине Жогорку Кеңештин депутаттары Ш.Ташиев, А.Маткеримов, Эмгек, социалдык  камсыздоо жана миграция министринин орун басары  Жаңыл  Алыбаева, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев  катышты.

"Социалдык келишим"  долбоорунун максаты – аз камсыз үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга түрткү берүү жана эмгекке тартуу менен жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат.

Кайтарымсыз негизде 100миң сомдон алган үй-бүлөлөр бул каражатка ишкердик баштайт.

Белгилей кетсек, өткөн жылы социалдык келишимдин негизинде    50 үй-бүлөгө  100 миң сомдон  берилген. Бүгүн алар өндүргөн продукциялардын көргөзмөсү да орун алды.