17 март 2025

Кароолор: (69)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА АТАЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 14-март күнү, Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында аталар күнү белгиленди.

 Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков жана шаар тургундары катышты.

 Алгач, театрдын эмгек жамааты тарабынан майрамдык иш-чаранын катышуучуларына “Атанын сөзү” поэтикалык мюзикли тартууланып, аталардын үй-бүлөдөгү, коомдогу орду, алардын улуулугу даңазаланды.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков жалпы аталарды майрамы менен куттуктап: "Аталар күнүн белгилөөдөн негизги максат - ата-энелердин эмгегин, жоопкерчилигин жана үй-бүлөдөгү ролун, ордун баалап-барктоо, алардын коомдогу ордун даңазалоо болуп саналат.

Ата – дөөлөт, таянар тоо. Өмүр деген улуу дайранын башаты атадан башталат, ошондуктан да атанын касиети, үй-бүлөдөгү орду эбегейсиз зор",-деп баса белгиледи. Ошондой эле, "Атанын сөзү" поэтикалык мюзиклин тартуулаган Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди.

 Белгилей кетсек, 2024-жылдын 24-июль күнү, Кыргызстанда 15-март - Аталар күнүн белгилөө жөнүндө мыйзамы кабыл алынган. Быйыл бул майрам алгачкы ирет белгиленүүдө.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз