22 февраль 2023
Кароолор: (156)
Жалал-Абад шаарында Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленди

23-фераль-Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында майрамдык иш-чара өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 5-өзүнчө батальонунун саркери Курманбек Сокеев, шаардагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, ардагерлер жана шаар тургундары катышты.
Салтанаттуу иш-чарада Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков сөз сүйлөп, Ата Мекенди коргоочуларды майрамы менен куттуктап, күч түзүмдөрүндө эмгектенген бир катар кызматкерлерге Ардак грамоталарды жана алкыш барактарды тапшырды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз