22 февраль 2024

Кароолор: (91)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 23-фераль-Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында майрамдык иш-чара өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев , Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшеев, шаардык кеңештин депутаты Нуржамал Сыргабаева, аскер кызматкерлери, ардагерлер жана шаар тургундары катышты.

 Салтанаттуу иш-чарада Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков сөз сүйлөп, Ата Мекенди коргоочуларды майрамы менен куттуктап, күч түзүмдөрүндө эмгектенген бир катар кызматкерлерге Ардак грамоталарды жана Алкыш барактарды тапшырды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз