06 май 2024

Кароолор: (62)

Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу эстетикалык-тайпалык гимнастика боюнча чемпионат өтүп жатат

 1-майда "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда эстетикалык-тайпалык гимнастика боюнча чемпионат өтүп жатат.

Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

 Чемпионатта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынан келген 17 команда күч сынашууда. Жеңүүчүлөр эл аралык сынактарга катышууга жолдомо алат.

 Кɵркɵм гимнастика – музыкага ылайык тʏрдʏʏ гимнастикалык бий кɵнʏгʏʏлɵрʏн жана элементтерин буюмсуз же кандайдыр бир буюм аркан, обруч, топ, союл, лента менен аткаруудан турган спорттун түрү. Кɵркɵм гимнастиканын дене чыңдоо менен катар эстетикалык тарбия берʏʏдɵ да мааниси чоң.

 Белгилей кетсек, мындай чемпионат Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу өтүүдө.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз