07 март 2023

Кароолор: (154)

Жалал-Абад шаарында аялдардын эл аралык майрамы белгиленди

 

 Бүгүн, 7-март күнү Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында 8-март -Аялдардын эл аралык майрамы белгиленди.

Салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айымдар жана шаар тургундары катышты.

Калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, жалпы аялзатынын майрамы менен куттуктап, аялдардын коомдогу орду чоң экендиги баса белгиледи. Ошондой эле шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары, кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыктары үчүн, бир топ мекемелердин кызматкерлерине, ишкер айымдарга Ардак грамота жана белектерди тапшырды.

Иш-чаранын соңунда концерттик программа тартууланып, келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды.

 Белгилей кетсек, 8-март-Аялдардын эл аралык майрамына карата шаар бийлиги ар тармакта эмнектенген, шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон 200 аялга 500 сомдон акчалай белек берди.

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз