29 август 2024

Кароолор: (24)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА АДМИНСТРАТИВДИК ИМАРАТТЫН КУРУЛУШУНА КАПСУЛА САЛЫНДЫ

 Бүгүн, 29-август күнү Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.

 Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаар тургундары катышты.

 Аталган жайда 2 кабаттан 7 кабатка чейин турган админстративдик имарат, фонтандары менен аянт, унаа токтотуучу жайлар, жаштар аллеясы курулат. Курулуштун жалпы сметалык баасы 1 млрд. 650 млн. сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланат. Белгилей кетсек, быйыл каражаттын 900 млн. сому бөлүнгөн.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз