16 сентябрь 2024

Кароолор: (77)

Жалал-Абад шаарында "Улуттук тазалык күнүнө" карата массалык ишембилик өттү

 14-сентябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү.

Ишембиликке шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, менчигинин түрүнө карабай шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана шаар тургундары катышты. Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу парктары, аллеялар, мекемелердин жана турак жайлардын короосу, жол жээктери, тротуар, темир-бетон арыктар тазаланды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз