15 май 2024

Кароолор: (87)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА "САНАТ" ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

14-майда Жалал-Абад шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда өткөрүлүп жаткан “Санат" фестивалы болуп өттү. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген коноктор катышты.

 7 өлкөнүн маданият кызматкерлеринин башын бириктирген “Санат" фестивалында улуттук аспаптардын коштоосунда маданият кызматкерлери жагымдуу ыр, күүлөрдү тартуулашып, Манас айтылды.

 Эл аралык "Санат" фестивалы ЮНЕСКО тарабынан уюштурулуп, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанда өткөрүү пландалган.

 Аталган фестиваль 16-майда Бишкек шаарында да өткөрүлөт. Андан ары Казакстанда улантылат.