08 август 2023

Кароолор: (93)

Жалал-Абад шаарында "Салык чек" лотереясынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды

Жалал-Абад шаарында «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын 16 жеңүүчүсү байгесин тастыктаган сертификаттарын колго алды

Сертификаттарды бүгүн, 8-август күнү Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана шаардык салык кызматынын башчысы Эркинбек Мамаюсупов тапшырды.

Республикалык деңгээлде уюштурулган лотереяда Жалал-Абад облусу боюнча 30дай адам байге уткан. Анын дээрлик 50%ы Жалал-Абад шаарынын тургундары.

Калаа тургундарын кубанткан мындай лотерея эми Жалал-Абад шаарында да өзүнчө өткөрүлөт. Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Кубанычбек Иманалиевдин айтымында, лотерея ушул жылдын 21-октябрына белгиленди. Ал үчүн шаар казынасынан 1 млн. сом бөлүнүп, байгеге автоунаа, электроскутерлер, смартфондор, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар каралган. Бул боюнча жакынкы күндөрү кененирээк маалымат берилет.

Кошумчалай кетсек, Мамлекеттик салык кызматы 26-июндан 1-июлга чейинки өткөрүлгөн «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын биринчи этабын өткөргөн. Жеңүүчүлөрдүн акыркы тизмесине ылайык, 9 адам электромобилге, 2 адам Дубайга жолдомого (эки кишилик), 479 адам iPhone 14кө, 481и – смартфонго, 142си – ноутбукка жана 19у – Дайсон маркасындагы фенге сертификатка ээ болгон.