17 апрель 2025

Кароолор: (27)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА "ФРОНТ ЫРЛАРЫ ЖАҢЫРАТ" 4-АЙМАКТЫК ФЕСТИВАЛЫ БОЛУП ӨТТҮ

16-апрель күнү, Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата Жалал-Абад облустук Славян диаспорасы тарабынан "Фронт ырлары жаңырат" аттуу 4-аймактык фестивалы болуп өттү.

 Иш-чарага Куралдуу күчтөрдүн аскер-деңиз флотунун ардагерлери, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Кубанычбек Шерматов, окуучулар жана студенттер катышты.

 Алгач, аскер-деңиз флотунун ардагерлери “Жеңиш” эс алуу багындагы өчпөс отко жана аскер-деңиз флотуна арналган монументке гүл коюуп, курман болгон жооркерлерди эскеришти.

 Андан соң Жалал-Абад облустук Б.Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында "Фронт ырлары жаңырат" аттуу 4-аймактык фестивалы өтүп, мектеп окуучалары жана жогорку окуу жайлардын студенттери тарабынан фронт ырлары жаңырды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз