29 февраль 2024

Кароолор: (56)

Жалал-Абад шаарында "Бизнести агартуу кербени" аталышындагы форуму болуп өттү

 Форумга Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, салык кызматкерлери, ишкерлер катышты.

 Иш-чарада шаар мэринин орун басары Кубанычбек Иманалиев: "Жергиликтүү бийлик менен ишкерлер ортосундагы тыгыз мамилени бекемдөө максатында уюштурулган мындай жолугушуулардын өткөрүлүп туруусу ишкерлер үчүн жемиштүү натыйжа алып келээрин көздөйт"- деп белгиледи.

 Форумдун жүрүшүндө Салык кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр, чакан жана орто бизнес үчүн салык режимдер, контролдук-кассалык машиналарды колдонуу эрежелери, электрондук кампа жана ЭТТККны колдонуу эрежелери, электрондук эсеп фактураны (ЭСФ) берүү тартиби, салыктар жана социалдык камсыздандыруу электрондук отчетторун өз алдынча тапшыруу сыяктуу ишкерлердин актуалдуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан ишкердикти текшерүүгө тыюу салган мораторий жана жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө маалыматтар айтылды.

 Белгилей кетсек, аталган форум JIA Бизнес Ассоциациясы , Жалал-Абад шаардык мэриясы, Кыргыз республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз республикасынын Мамлекетиик салык кызматы менен биргеликте ишкерлерге малыматтык колдоо көрсөтүү макстында уюштурулган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз