24 октябрь 2024
Кароолор: (61)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА "БИЗ СЕРГЕК ЖАНА БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫКТЫ ТАНДАЙБЫЗ" АТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

23-октябрь күнү Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан ата-энелерге жана мектеп окуучуларына аптекалык наркомания, окуучулар арасындагы ар кандай кылмыш-кырсыктардын алдын алууга багытталган иш-чара өттү.
Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, аталган иш-чара учурдагы эң актуалдуу көйгөйлөрдү ортого салганын белгилеп, ата-энелерди жана окуучуларды аптекалык наркоманиядан алыс болууга чакырды. Ошондой эле, өспүрүмдөр арасындагы кылмыш-кырсыктардын алдын алуу үчүн, ата-энелерге балдарынын таалим-тарбиясына, жүрүм-турумуна олуттуу көңүл бурууга чакырды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз