09 декабрь 2022

Кароолор: (260)

Жалал-Абад шаарында 9 жаранга «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды

 Бүгүн, 6-декабрда Жалал-Абад шаардык кеңеши тарабынан 9 жаранга “Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Аларга төш белги жана күбөлүктөрдү шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар тапшырды.

Алар төмөнкүлөр:

1. Абдыкадыров Алыкан - Кыргыз Республикасынын электр тармагына салым

кошкон ишкер, Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Жалал-Абад облусттук

бөлүмүнүн төрагасынын орун басары;

2. Бегматов Анарбай Турдубаевич-Кыргыз ССРнин элге билим берүүнүн

отличниги, Кыргыз Республикасынын билим жана илим профсоюздук

кыймылынын отличниги.

3. Бекматов Кубанычбек Алимжанович-Кыргыз Республикасынын ички иштер

министринин ардагери;

4. Бердалиев Рыскулбек-Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика отун

ресурстарынын мыкты кызматкери;

5. Маатжакыпов Акматбек Кимсанович- Кыргыз Республикасынын Улуттук

коопсуздук органдарынын отличниги, Баткен согушунун ардагери;

6. Нурматов Саитбек Абазович - Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана

спорттун отличниги;

7. Омуралиев Абдимажит Абакирович- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты

сактоонун ардактуу кызматкери;

8. Токоев Сапарбек Исабекович- Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын

отличниги;

9. Юсуфжанова Толганой Исакжановна- Кыргыз Республикасынын эмгек

сиңирген мугалими;

Мындай наам Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө көп жылдар бою салым кошкон жана мамлекеттик жогорку сыйлыктары бар түрдүү тармактарда эмгектенип, эл үчүн кызмат кылган инсандарга жыл сайын берилип келет.

 Белгилей кетсек, 60 жаштан жогорку “ Ардактуу атуул” наамы барларга жергиликтүү бийлик жылына бир жолу “Карыялар күнүнө” карата миң сомдон акчалай белек берип турууну жана калаада туруктуу жашап жаткан ардактуу атуулдардын үйлөрүнө аты-жөнү жазылган тактайчаларды илдирүүнү колго алышкан.

 Жалал-Абад шаарында буга чейин 211 инсанга “Ардактуу атуул” наамы берилген.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз