04 март 2024
Кароолор: (64)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 80 ОРУНДУУ БАЛДАР ООРУКАНАСЫ АЧЫЛДЫ

3-март күнү Жалал-Абад шаарында 3 кабаттуу, 80 орунга ылайкташкан шаардык балдар ооруканасы ачылды. Иш-чарага Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, "Ассанабил" коомдук кайрымдуулук фондунун директору жана оорукананын курулушуна демөөрчүлүк кылган Кувейттик коноктор, медицина кызматкерлери катышты.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков оорукананы курган “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук уюмуна, демөөрчүлүк кылган Абдулла Абдуллазиз Юсиф Альмузайниге, “Шейх Абдулла Нури” кайрымдуулук уюмуна терең ыраазычылык билдирип, белектерди тапшырды. Шаар башчысы өз сөзүндө: "Биз сиздер менен ар дайым кызматташууга жана достук мамилени бекем сактоого даярбыз ",-деп белгиледи.
Белгилей кетсек, аталган оорукана "Ассанабил" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, айланасын көрктөндүрүү, отканасын куруу жана жылытуу системасын орнотуу жумуштары жергиликтүү бюджетен каржыланды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз