09 май 2023

Кароолор: (56)

Жалал-Абад шаарында 7 облустун башын бириктирген спорттук иш-чара өтүп жатат

 Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда Кыргызстандын 7 облусунан келген 1985-жылы төрөлгөн эр азаматтардын "Жалал-Абад-2023" спорттук иш-чарасы өтүп жатат. Иш-чаранын ачылуу аземине КРнын Президенттинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышты.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков спорт-достукту, ынтымакты бекемдөөгө, кылмыштуулуктун алдын алууга өбөлгө түзөөрүн белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

 Командалар спорттун 11 түрү боюнча күч сынашат.

 Аталган иш-чара 2021-жылы Чүй облусунда башталып, 2022-жылы Талас облусунда өткөн. Ал эми быйыл Жалал-Абад облусунда уланып жатат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз