02 сентябрь 2024

Кароолор: (14)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 625 ОРУНДУУ ЗАМАНБАП МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

  30-август күнү, Президент Садыр Жапаров Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата бир учурда курулушу аяктаган 100 объектини онлайын ачты. Алардын катарында Жалал-Абад шаарынын Масадан айылындагы №30 Фуркат мектебинин жаңы имараты да бар.

 Мектептин ачылуу аземине Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшеев, айыл тургундары жана мугалимдер катышты.

 Мектеп 3 кабаттан туруп, 625 орунга ылайыкташкан. Мектептин жаңы имаратынын курулушуна республикалык бюджеттен 83 млн. 936 миң сом акча каражаты жумшалган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз