21 июль 2023

Кароолор: (63)

Жалал-Абад шаарында 6 айдын жыйынтыгы чыгарылды

 Бүгүн, 21-июлда Жалал-Абад шаардык мэриясында 6 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегия өттү. Ага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мэрдин орун басарлары, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

 Коллегияда мэрдин орун басарлары, мэриянын аппарат жетекчиси жана бөлүм башчылар тарабынан 2023-жылдын 6 айында аткарылган иштер, көрсөткүчтөр боюнча маалымат берилип, суроо-жооптор менен коштолду.

 Жалал-Абад шаарына 2023-жылдын жарым жылдыгына карата республикалык жана жергиликтүү каражатты кошкондо жалпы 2 млрд. 320 млн. сом инвестиция тартылды.

 Жергиликтүү бюджеттин киреше булагы 779, 2 млн. сомду түзүп (шаар казынасы 395,8 млн. сом, республикалык бюджеттен келген каражат 383,5 млн. сом), пландын аткарылышы 107, 5 %ды түздү.

 2023-жылдын 6 ай аралыгында 75 жаңы ишкана ачылып, 250 жумуш орду түзүлдү. Бул өткөн жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу 20% га көп дегенди билдирет.

 Шаар аймагындагы 46 мыйзамсыз курулуштар (дүкөндөр, имараттар, тосмолор, күркөлөр) буздурулган. Өткөн жылга салыштырмалуу 24 курулушка көп буздурулган.

 Коллегиялык жыйында шаар мэри Эрнисбек Ормоков «E-Kyzmat» системасы боюнча мекеме-ишканалардын иш алып баруусу, ККМ кассалык аппараттарын колдонууда активдүү болуу керектигин белгиледи. Мындан сырткары, шаардагы коммуналдык ишканалардын ишин сынга алып, коюлган пландарга чыгуусун талап кылды. Ошондой эле, Капиталдык курулуш департаментинин жетекчисине 2023-жылга пландалган курулуштарды бүткөрүү тапшырмасын берип, курулуштар мөөнөтүндө аяктабаса, жумуш орду карала турганын эскертти.

 Ушундай эле эскертүү “Жалал-Абад Тазалык”, Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекечилерине айтылып, коюлган планды аткара албаса 9 айдын жыйынтыгы менен кызмат ордулары каралаарын белгиледи.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз