29 декабрь 2023
Кароолор: (70)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 500 БАЛАНЫН КАТЫШУУСУНДА МЭРДИН БАЛАТЫСЫ ӨТТҮ

28-декабрда Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы кыргыз драма театрында Жалал-Абад шаарынын мэринин жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү. Балаты майрамына мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон, ата-энесинен жана камкорчуларынан ажыраган, окууда ийгилик жараткан 500 бала катышты. Аларды шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев жаңы жыл майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырышты.
Ошондой эле, балатыга келген балдарга Барпы театрынын кызматкерлери тарабынан даярдалган "Кар кишилер" жомогу тартууланды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз