14 июль 2025

Кароолор: (38)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 42 ҮЙ-БҮЛӨГӨ 150 МИҢ СОМДУК СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРЫЛДЫ

 11-июль күнү, Жалал-Абад шаарынын мэриясында 42 үй-бүлөгө "Социалдык келишимдин" негизиндеги 150 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Сертификаттарды тапшыруу иш-чарасына Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаты Нуржамал Сыргабаева, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Назира Жакыпова катышты.

 Эрнисбек Ормоков сертификат алып жаткан шаар тургундарын куттуктап, бул каражат мамлекет тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо-шартын жакшыртуу максатында берилип жаткандыгын белгилеп, каражатты максаттуу пайдалануу менен ишкердиктерин баштоого чакырды.

 Эскерте кетсек, 2022-2024-жылдары "Социалдык келишим" долбоору аркылуу жөлөкпулдан баш тартып, ишкердик баштагысы келген үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон кайтарымсыз акча каражаты берилип келген болсо, быйыл бул каражат 50 миң сомго көбөйтүлүп, 150 миң сомдон берилүүдө.

 2025-жылга "Социалдык келишим" долбоору аркылуу Жалал-Абад шаарынан 133 үй-бүлөгө 150 миң сомдон акча каражатын берүү пландалган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз