26 сентябрь 2024

Кароолор: (25)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 3 МИҢ ОРУНДУУ "ДОСТУК" МЕЧИТИ АЧЫЛДЫ

 22-сентябрда Жалал-Абад шаарынын "Достук" аймактык башкармалыгында үч миң орундуу мечит ачылды. Ачылуу аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Бүткүл дүйнөлүк Ислам жаштары ассамблеясынын Кыргызстандагы өкүлү, "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун башчысы Саид Баюми жана шаар тургундары катышты.

 Шаар мэри "Достук" мечитин курууну демилгелеген имамга, демөөрчүлүк кылгандарга ыраазчылык билдирип, аталган мечит адамдардын ыйманын бекемдеп, туура эмес жолдордон кайтышына зор салымын кошо тургандыгын белгиледи.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз