12 апрель 2024

Кароолор: (90)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 275 ОРУНДУУ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

 Бүгүн, 12-апрелде Жалал-Абад шаарындагы Тукубай Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгына караштуу Кыргызстан айылындагы №18 "Манас- 100" атындагы орто мектебинин жаңы имараты ачылды. Аны менен катар онлайн форматта Сузак районундагы 3 жаңы мектеп да ачылды.

Мектептин ачылышына Президент Садыр Жапаров, Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мектептин ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн өлкө башчысы курулушу дээрлик 5 жылга чукул убакытка токтоп калган мектептин пайдаланууга берилүүсү жергиликтүү элдин көптөн күткөн тилеги экенин баса белгилеп, аталган мектептен өлкө керегине жараган уул - кыздардын тарбияланып чыгаарына терең ишеним артаарын кошумчалады.

 Аталган мектеп 2 кабаттан туруп, 275 орунга ылайыкташкан. Мектептин жаңы имаратынын курулушуна республикалык бюджеттен 82 миллион 140 миң сом акча каражаты жумшалды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз