26 март 2024

Кароолор: (164)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 22 ГЕКТАРДЫ ТҮЗГӨН ЗАМАНБАП БАЗАР КУРУЛАТ

 Бул тууралуу бүгүн, 26-март күнү Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков муниципалдык базардын соодагерлери менен болгон жолугушууда билдирди.

 Тактап айтканда, 22 гектар аянтты ээлеген учурдагы "Телтору" атмайданы базарга айландырылып, Жалал-Абад шаарындагы бардык базарлар бир жайга көчүрүлөт. Бул кадам шаардагы унаа тыгындарынын алдын алуу, башаламан жайгашкан базарларды иретке келтирүү жана шаар бюджетин толтуруу максатын көздөйт.

 Ал эми буга чейин ачылган чакан муниципалдык базар Кытайлык инвесторлор менен биргеликте электр автоунааларын чыгаруучу завод болуп, мындагы соодагерлерге да жаңы базардан соода жайлары бериле тургандыгы айтылды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз