07 февраль 2023

Кароолор: (215)

Жалал-Абад шаарында 2022-жылдын жыйынтыгы чыгарылды

 Бүгүн, 6-февралда Жалал-Абад шаардык мэриясында жыл жыйынтыгын чыгарган коллегия өттү. Ага КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басарлары, ички иштер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Кубатбеков жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

 Коллегияда мэрдин орун басарлары жана бөлүм башчылар тарабынан 2022-жылда аткарылган иштер, көрсөткүчтөр боюнча маалымат берилип, суроо-жооптор менен коштолду.

 Жалал-Абад шаарына 2022-жылы 7 млрд. 604 млн. сом инвестиция тартылды.

 Жалал-Абад шаарында 2022-жылы 158 ишкана ачылып, 1382 жумуш орду түзүлдү. Бул жылы өткөн жылга салыштырмалуу 54 ишкана көп ачылып, миңден ашуун жумуш орун да көп түзүлдү.

 2022-жылда өнөр жай ишканалары тарабынан 6 млрд. 817,3 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 609,5 млн сомдук продукция көп өндүрүлдү.

 Шаар мэри Эрнисбек Ормоков Билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигине 2022-2023-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрдүн "Өзгөчөлөнгөн күбөлүк", “Алтын сертификат”, “Алтын тамга” алуусуна шарт түзүп берүү, ЖРТдан бардык мектептердин көрсөткүчтөрүн жогорулатуу тапшырмасын берди. Ошондой эле, "Жалал-Абадсууканал" башкармалыгынан башка мэриянын коммуналдык мекемелеринин жетекчилерине сөгүш, бир топ жетекчилерге эскертүү берди. Мэр кошумчалагандай, 6 айдын жыйынтыгы менен жумушун тарта албаган жетекчилердин кызмат орду каралат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз