01 июнь 2023
Кароолор: (49)
Жалал-Абад шаарында 170 балага паркта акысыз оюн-зоок уюштурулуп, шириндиктер берилди

1-июнь-Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон, ата-энесинен ажыраган 170 бала "Жеңиш" эс алуу паркындагы аттракциондордо акысыз ойноп, эс алышты жана балмуздактар таратылды.
Мындан сырткары демөөрчүлөр тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана алардын ата-энелери үчүн майрамдык дасторкон жайылып, белектер тапшырылды.