05 июнь 2023
Кароолор: (53)
Жалал-Абад шаарында 150 орундуу бала бакча курулуп жатат

Жалал-Абад шаарынын Чынгыз Айтматов атындагы аймактык башкаруусунда 48 сотых жер аянтына эки кабаттуу, 150 орунга ылайыкташкан типтүү бала бакча курулуп жатат. Бала бакчанын сметалык баасы 97 млн. сомду түзөт. Курулуш респуликалык бюджеттен Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында учурда 26 муниципалдык бала бакча бар.