31 декабрь 2024

Кароолор: (47)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 142 ҮЙ-БҮЛӨГӨ АКЫСЫЗ УН ЖАНА МАЙ БЕРИЛДИ

 30-декабрда социалдык контракт долбоорунун катышуучуларынын ишкердигин жандандыруу максатында “Калктын аялуу катмарына азык-түлүк жардамы аркылуу өзүн-өзү камсыздоо мүмкүнчүлүгүн колдоо” долбоорунун алкагында ишкердикти жандандыруу, финансылык сабаттуулук, маркетинг жана IT тармагы боюнча окутуудан өткөн 142 үй-бүлөгө 3 мүшөктөн ун,15 литрден өсүмдүк майы берилди. Азык-түлүктөрдү тапшыруу иш-чарасына Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, социалдык келишим долбоору жана окутуулар жарандардын жакырчылыктан чыгып, чакан ишкердигин өнүктүрүп кетүүсүнө мыкты өбөлгө болуп жатканын белгиледи.

 Белгилей кетсек, окутуулар Жапон өкмөтү тарабынан каржыланып, ун жана майлар БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу берилүүдө.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз