21 октябрь 2024
Кароолор: (68)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 120 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 21-октябрь күнү, Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлеринин балдары үчүн 120 орундуу №30 "Жеткинчек" бала бакчасы ачылды. Бала бакчанын ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Уларбек Исмаилов, милиция кызматкерлери, ардагерлер жана шаар тургундары катышты.
Мэрдин орун басары бала бакчанын ачылуу аземи менен куттуктап, аталган жайдан мекенчил, мыкты уул-кыздардын тарбияланып чыгышына тилектештигин билдирди. Ошондой эле, шаар бийлиги коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн милиция кызматкерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткандыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, аталган бала бакчанын имараты мурда шаардык ички иштер бөлүмүнүн имараты болгон. Ал жерден шаардык ички иштер бөлүмү жаңы имаратка көчкөндөн кийин ИИМ тарабынан 50 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борбору
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз