15 апрель 2024

Кароолор: (77)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 105 ОРУНДУУ ЖАҢЫ ООРУКАНА АЧЫЛДЫ

12-апрелде Жалал-Абад шаарындагы облустук оорукананын үч кабаттуу, 105 орунга ылайыкташкан жаңы корпусу ачылды. Ачылуу аземи өлкө башчысы Садыр Жапаров, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Президенттин облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаттары, дарыгерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңы ооруканада терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрү жайгашкан. Анда бардык керектүү шарттар түзүлүп, буга чейин жок болуп келген гемодиализ аппараты орнотулган.

 Белгилей кетсек, оорукананын кошумча имаратынын курулушу республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен каржыланып, 251 млн. сом жумшалды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз