10 ноябрь 2023
Кароолор: (83)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 10-НОЯБРДАН ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛЕТ

10-ноябрдан тарта Жалал-Абад шаарында жылуулук бериле баштайт. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Эрнисбек Ормоков кол койду.
Ага ылайык, шаардагы бардык мекеме-ишканаларга, мектеп, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көп кабаттуу үйлөргө жылуулук бериле баштайт. Борборлоштурулган жылытуу системасы аркылуу шаардагы 80 даана көп кабаттуу үй, 30 дан ашуун бюджеттик жана коммерциялык мекемелер жылуулук менен камсыздалат.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 18 откана болсо, анын баардыгы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп,1200 тонна көмүр, 670 тонна мазут камдалып, учурда кышка толугу менен даяр абалда.