01 июнь 2023
Кароолор: (51)
Жалал-Абад шаарында 1-июнь-Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди

Бүгүн, 1-июнь күнү Жалал-Абад шаарында балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Иш-чара Барпы театрынын алдындагы аянтта уюштурулуп, балдар үчүн спорттук мелдештер, сүрөт тартуу сынагы уюштурулуп, шириндиктер таратылды. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Айзат Раматиллаева, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев балдарды майрамы менен куттуктап, сынактарда жеңишке жетишкен балдарга белектерди тапшырышты.
Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде да уюштурулду. Мындагы иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Айзат Раматиллаева баштаган жетекчилер катышып, балдарды майрамы менен куттуктап, белектерди тапышырышты.
Ушундай эле майрамдык иш-чаралар шаардагы Көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунда эмгектенген кызматкерлердин балдарына, “Ак-Бермет”, балдар үйүнүн жана “Акжол” реаблитациялык борборунун балдарына да уюштурулду.
Мындан сырткары 700гө чукул мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жергиликтүү бийлик тарабынан майрамга карата 500сомдон акча каражаты которуп берилди. Ал эми шаардагы “Назик ИРИ”, “Сладости Багери”, “Двойняшки” кондитердик цехтери жана “Элим барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан 2000ге чукул балага шириндиктер, суусундуктар, тамак-аш жана балмуздактар берилди.