08 июль 2024
Кароолор: (64)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНАН 90 БАЛА АКЫСЫЗ ЭС АЛУУГА ЖИБЕРИЛДИ
6-июлда Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон, ата-энесинен ажыраган, июнь окуясында жабыркагандардын, чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандардын балдарынын бир бөлүгү жайкы эс алуу лагерине жиберилди. Балдар Жалал-Абад шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин коштоосунда жеткирилет.
Балдар Сузак районун Кара-Алма айылында жайгашкан Жалал-Абад шаардык мэриясынын карамагындагы «Алтын балалык» лагеринде эс алат. Лагерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, котедждерди куруу жана балдардын тамак-ашы үчүн Жалал-Абад шаардык мэриясынан жыл сайын акча каражаты бөлүнөт.
Белгилей кетсек, аталган лагерде жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан 200 бала эс алдырылат. Бүгүн алардын 90ну эс алууга жиберилди. Алдыда калган 110 бала да эс алууга жөнөтүлөт.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз