12 ноябрь 2024

Кароолор: (168)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛДИ

 Жалал-Абад шаарында 9-ноябрдан тарта бардык мекеме-ишканаларга, мектеп, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көп кабаттуу үйлөргө жылуулук бериле баштады.

 Жалал-Абад жылуулук муниципалдык ишканасынан билдиришкендей шаардагы бардык отканалар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, керектүү деңгээлде көмүр жана мазут камдалган. Учурда борборлоштурулган жылытуу системасына туташтырылган бардык объектилерге жылуулук берилип жатат.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 откана бар. Алар үчүн 1200 тонна көмүр, 300 тоннадан ашуун мазут камдалган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз