11 август 2023
Кароолор: (58)
Жалал-Абад шаарына саатына 80 тонна асфальт чыгаруучу завод курулуп жатат

Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкаруусунда 1,5 гектар жер аянтына жаңы асфальт-бетон чыгаруучу завод курулуп жатат. Учурда заводдун орду даярдалып, жабдыктары алынып келинди. Адистердин белгилөөсүндө жакынкы күндөрү заводду куруу жумуштары жүргүзүлүп, ушул жылдын сентябрь айында ишке киргизилет.
Асфальт-бетон заводунун жанына атайын таш талкалоочу (драбилка) жабдык да орнотулат.
Завод республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен каржыланууда. Ага 53 млн. 700 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал ишке кирсе, 20дай адам жумуш менен камсыз болот.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жол башкармалыгынын асфальт-бетон заводунун эскилиги жетип, жолдорго асфальт төшөө, тротуар куруу жана жамап-жасоо иштеринде бир топ түйшүк жаралып келген.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз