07 февраль 2025
Кароолор: (99)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ТАТАР РЕСПУБЛИКАСЫНАН ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИ

Татарстан Республикасынан келген делегациянын өкүлдөрү Жалал-Абад шаарындагы №13 Р.Азимов атындагы мектебинде ашпозчуларга мастер-класс көрсөтүштү. Мындан сырткары, окуучуларга Татарстандын маданияты, улуттук аспаптары көрсөтүлүп, хореогрофтар кыздар менен биргеликте Татар бийин өздөштүрүштү. Иш-чаранын негизги максаты - тажрыйба алмашуу жана татар элинин маданиятын таанытуу болуп саналат.
Иш-чаранын соңунда Келген конокторго мэрия тарабынан ыраазычылык баракчалар тапшырылды. Ал эми Ош шаарынан келген “Русский Дом” коому тарабынан Жалал-Абад шаарындагы мектептерге 300 даана китеп белекке берилди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз