03 июнь 2024

Кароолор: (82)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА КЫТАЙДЫН ШАНЬСИ ПРОВИНЦИЯСЫНАН ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИ

 31-май күнү, Жалал-Абад шаарына Кытай Эл Республикасынын Шаньси провинциясынын Элдик чогулушунун туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Се Хун баштаган делегация келди.

Алар алгач Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышты.

 Андан соң, шаардагы "Келечек" фирмасынын, "Барса" футбол академиясынын жана "Жалал-Абад" санаториясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

 Эске салсак, Жалал-Абад жана Шаньси провинциясынын ортосунда 2021-жылдын 23-сентябрында онлайн режиминде боордоштук мамилелерди орнотуу тууралуу атайын макулдашууга кол коюлган.

 Белгилей кетсек, Шаньси провинциясы Кытайдын борбордук жагындан жайгашып, 35 млн. калк жашайт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз