08 июль 2024

Кароолор: (51)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА КЫТАЙДЫН АНЬКАН ШААРЫНАН ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИ

 5-июль күнү Жалал-Абад шаарына Кытай Эл Республикасынын Анькан шаардык парткомунун секретары Ву Вэнган баштаган делегация курамы келди.

Аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап аймактардын артыкчылыктуу потенциалына токтолуп, кызматташуу мамилелерин тереңдетүү, соода-экономикалык, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жыйындын соңунда Жалал-Абад шаары менен Кытайдын Анькан шаарынын ортосунда өз ара кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.

 Кытайдын Анькан шаарында 3 млн. калк жашайт. Калаада завод-фабрикаларды иштетүү, нанотехнология тармагы, чай өстүрүү жана экскпортко чыгаруу багыты өнүккөн.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз