31 март 2023

Кароолор: (57)

Жалал-Абад шаарына караган Тоо-Кызыл-Суу айылындагы кооптуу аймакта жашагандарга көчүү боюнча эскертүү берилди

 Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Айбек Джолдошев Жарандык коргонуу кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте Тоо-Кызыл-Суу айылынын тургундары менен жолугушту. Анда Жарандык коргонуу кызматынын көчүрүү комиссиясы тарабынан тургундарга кооптуу аймактан көчүү боюнча эскертүү беришти. Бирок, айыл тургундары “Көчүп кетүүгө макул эмеспиз “ деген оюн айтышып, түзүлгөн актыга кол коюшту.

 Белгилей кетсек, аталган айылда 26 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймакта жашайт. Аларга жыл сайын кооптуу аймактан көчүү боюнча эскертүүлөр берилип келет.