05 сентябрь 2022

Кароолор: (79)

Жалал-Абад шаарына Чехиядан 100гө чукул делегат келди

3-сентябрда Жалал-Абад шаарына Чехия Республикасынын Парламентинин депутаттар палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бартошек баштаган 100гө чукул конок келди. 

Аларды Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин биринчи орун басары Нурбек Сатаров жана Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2-катчысы Азамат Кабаев баштаган топ тосуп алды.

Алгач Чехиядан келген делегация Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине болду. Андан соң делегаттар калаада жайгашкан Варшавадагы күрөштөрдүн жана кыйноолордун эстеликтерин коргоо кеңешинин аракети менен салынган поляк аскер көрүстөнүнө зыяратка барышты.