26 июль 2024

Кароолор: (36)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК ЖОЛ БАШКАРМАЛЫГЫНА ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

 25-июль күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардык жол башкармалыгына асфальт төшөөчү техниканын, экскаватордун жана жүктөгүчтүн ачкычын тапшырып, аталган мекеменин эмгек жамаатына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, асфальт төшөлө турган шаардын жолдорун, тротуарларын белгиленген мөөнөтүндө бүткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Экскаватор менен асфальт төшөөчү техника 24 млн. 210 миң сомго сатып алынган. Анын 70%ы Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланса, калган 30%ы каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Ал эми жүктөгүч 5 млн. 995 миң сомго жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка сатып алынган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз