30 март 2023

Кароолор: (50)

Жалал-Абад шаардык жарандык коргонуу кызматы машыгуу өткөрдү

Бүгүн, 30-март күнү Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкармалыгынын Курорт-Подхоз аймагында жарандык коргонуу кызматы өзгөчө кырдаалдар учурунда коргонуу боюнча машыгуу өткөрдү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Айбек Джолдошев, калаадагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Машыгуунун жүрүшүндө Курорт-Подхоз аймагындагы кооптуу делген жерге турак жай салып алган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көчүп чыгуу боюнча атайын актылар түзүлдү.

 Аталган аймакта 23 түтүн кооптуу делген аймакта күн кечирип келет.

 Белгилей кетсек, мындай машыгуу Жалал-Абад шаарынын көчкү кооптуулгу бар башка аймактарында да улантылат.