22 март 2023

Кароолор: (98)

Жалал-Абад шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

 

    Жалал-Абад шаарынын мэринин коммуналдык чарба боюнча орун басары болуп Джолдошев Айбек Доолатбекович дайындалды. Ал буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы, "Жалал-Абад Тазалык" мекемесинин жетекчиси, шаардык кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болгон.

Буга чейин бул кызматты аркалап келген Таев Элдос Исакович өз арызы менен кызматынан бошотулду.

 Ошондой эле Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болуп Эгемова Миргуль Абдыкеримовна дайындалды. Ал буга чейин мэриянын курулуш, транспорт жана коммуникация боюнча башкы адиси кызматын аркалап келген. Ал эми буга чейин мэриянын аппарат жетекчилик кызматтын аркалап келген Зияйдинов Эрнист Эгенбердиевич Аксы районунун Кербен шаарына мэр болуп дайындалгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

 Мындан сырткары мэриянын курулуш, транспорт жана коммуникация боюнча башкы адиси кызматына Кошназаров Дастан Муратбекович дайындалды. Ал буга чейин аталган бөлүмдө жетектөөчү адис катары иштеп келген.

 Жаңы дайындалган жетекчилерди бүгүн, 22-март күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков мэриянын эмгек жамаатына тааныштырып, иштерине ийгилик каалоо менен жүктөлгөн милдеттерин таза, так жана жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.