23 октябрь 2023
Кароолор: (80)
Жалал-Абад шаардык мэриясы уюштурган "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын жеңүүчүлөрү аныкталды .

21-октябрда Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда "Чек талап кылып, байге утуп ал" лотереясынын жеңүүчүлөрүн аныктоо иш-чарасы өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаты Ахмед Абдыкаев, Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаардык башкармалыгынын башчысы Эркинбек Мамаюсупов, "Айыл Банк" ААКнын Жалал-Абад филиалынын жетекчиси Мирлан Азимбаев, "Кыргыз петролеум компани" ЖАКтын вице-президенти Эрмек Энназаров жана шаар тургундары катышты.
Лотереянын ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн калаа башчысы: "Бул лотереяны уюштуруудан негизги максат – жарандардынККМ чекти талап кылууга болгон кызыгуусун арттыруу менен көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу болуп саналат,"-деп баса белгиледи.
Мамлекеттик салык кызматы тарабынан өткөрүлүп жаткан лотерея өлкө боюнча аймактар арасында Жалал-Абад шаарында алгачкылардан болуп өзүнчө уюштурулду. Аны өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен бир миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.
Лотереянын алдын ала жыйынтыгы боюнча баш байге - 100 миң сом акча каражатын Жалал-Абад шаарынын тургуну, Нураида Айтбаева аттуу жаран жеңип алды. Мындан сырткары дагы 128 жаран 5 миң сомдон, 50 миң сомго чейинки байгелерге ээ болушту.
Белгилей кетсек, жеңүүчүлөрдү атайын түзүлгөн комиссия курамы текшерип, анын жыйынтыгы менен сыйлыктардын сертификаттары тапшырылат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз