20 апрель 2024

Кароолор: (54)

Жалал-Абад шаардык мэриясы Сибирь Федералдык университети менен эки тараптуу келишимге кол койду

Жалал-Абад шаардык мэриясында Сибирь Федаралдык университетинин өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Жолугушууга шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова,

Сибирь Федералдык университетинин эл аралык ишмердүүлүк боюнча өкүлү, доцент Рябинин Александр, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, мектеп директорлору катышты.

Анда эки тараптуу кызматташуу алкагында , билим берүү тармагында мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, мектеп бүтүрүүчүлөрүн аталган окуу жайдын бюджеттик орундарына кабыл алуу жөнүндө кеңири маалымат берилди.

Маалыматка ылайык, Сибирь Федералдык Университетине кабыл алынган студенттерге стипендия төлөнүп, жол чыгымдары аталган окуу жай тарабынан каржыланат.

Ал үчүн 19-20-апрель күндөрү мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Барпы театрында көргөзмө уюштурулуп , анда окуучулар тест-сынактарын тапшырышты.

Белгилей кетсек, 2023- 2024 окуу жылына карата Жалал-Абад шаарында 700 дөн ашуун окуучу 11-классты аяктайт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз