14 февраль 2024

Кароолор: (58)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК МЭРИЯСЫ 2023-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

 13-февралда Жалал-Абад шаардык мэриясында жыл жыйынтыгын чыгарган коллегия өттү. Ага Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басарлары, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Анда 2023-жыл ичинде социалдык, экономикалык, курулуш жана коммуналдык тармактагы аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Ошондой эле, жарлык-буйруктардын аткарылышы боюнча да отчеттор берилди.

Ар бир тармак боюнча мэрдин орун басарлары баяндама жасап, аткарылган жумуштарда жетишкендиктер, кемчилдиктер боюнча токтотулушту.

 Шаар мэри Эрнисбек Ормоков 2023-жыл Жалал-Абад шаары үчүн ийгиликтүү жыл болгонун баса белгилеп, 2024-жылы да бардык кызматкерлерди жүктөлгөн милдеттерди так аткаруу менен ак кызмат кылууга чакырды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз